Балдардагы гемангиома
Гемангиоманын түрлөрү Гемангиомалар түзүмү боюнча түрдүү болушат. Сыртынан алар наристелердеги калга окшош болот. Капилярдык гемангиома теринин үстүӊкү катмарында болот. Ал жалпак болуп, капилляр жиптерден өрүлгөн сыяктуу ичке тамырлардан турат. Эмчек эмгек балада гемангиома уӊкур-чуӊкурлуу болот. Ал чоӊ тамырлардан: веналардан же артериялардан, көпчүлүк учурларда веналардан куралат. Алар кызыл түстүү калдай көрүнөт, айрымдары теринин үстүнө одур бодур болсо, айрымдары теринин ичине карай болот.
Бул өсмө комбинирленген типте да болушу мүмкүн, мында каппилярдык жана каверноздук биригип айкашкандагысы болот. Ошондой эле аралаш гемангиома да болот. Ал кан тамыр, лимфатикалык жана нерв тканынан бир эле маалда пайда болот. Үстүӊкү катмарда пайда болгон өсмөлөр – биз териден көрүп тургандар, жана тереӊдеги – жабык же ички (тери алдындагы). Булар ички органдарда да: боордо, бөйрөктөрдө, сөөктө, ичеги карын бетинде, тамактын шилекей катмарында, жаактын ички бетинде жайгашышы мүмкүн. Гемангиомалар көпчүлүк учурларда теринин жана шилекей кабыкчаларынын чектелген жерлеринде: эриндерде, арткы (аналдык) тешикте, жыныс органдарында жайгашат. Башта, моюнда, далыда, желкеде, кабакта, жамбашта да болот.
Гемангиомалар эмне себептен пайда болот Мунун себептери так түшүнүктүү эмес. Гемангиома – коркунучсуз өсмө, башкача айтканда, кан-тамырдын шишиги. Ал эми шишик, бул ткандардын туура эмес бөлүнүшү менен байланышкан аномалия. Балким эненин организмине башка бир нерсе таасир эткендир, андыктан бала тубаса гемангиома менен төрөлгөндүр. Буга аял кош бойлуу кезинде алган кандай болбосун препарат, түрдүү нурлануулар, ал гана эмес күндүн ашыкча тийиши, микротолкундуу мештин, мобилдик телефондун, компьютердин, планшеттин нурлануусу күнөөлү болушу мүмкүн. Төрөт учурунда алган травмалар мындай пайда болууларга эч кандай таасир этпейт.
Гемангиомаларды дарылоо Гемангиомалардын 60–70% өзүнөн-өзү кетип калат. Эгер эмчек эмген балада шишик кетпей, же өсүп жатса, хирургдар оперативдик дарылоону сунушташат. Мындай пайда болууну криотеструкция менен алып салышат: аны тоӊдурушат, анын негизинде кан тамырлар кичирейет жана гемангиома жоголот. Дарылоонун дагы бир ыкмасы – склерозирлөө. Муну көбүнчө каверноздук кан тамырдын гемангиомасында колдонушат: ичине атайын зат сайылат, кан тамырлар кичирейет жана анын натыйжасында жабылып калат. Ошондой эле хирургиялык дарылоону жана лазерь менен алып салууну колдонушат. Дарылоонун дагы бир түрү: шишиктин ичине гормон сайышат да, сезгенүү процессин чакырышат. Сезгенүү төмөндөп бара жатканда, тырык ткань пайда болот, ал жабыркаган кан тамырларды механикалык түрдө чоёт. Эгер шишик териде же баланын ички органдарында болсо, анда аны консервативдүү жүргүзүшөт. Гемангиомалар убакыттын өтүшү менен кичирейсе, врачтар бул процесске кийлигишпей, көзөмөлдөп гана турушат.
Гемангиомаларды качан алып салуу кажет Гемангиомаларды алардын өз алдынча жоголуп кетишин күтпөстөн, төмөнкү учурларда эрте жаштагы куракта алып салышат: