Балдардагы дерматит.
Балаӊызга «атопикалык дерматит» диагнозун койсо, эмне кылуу керек? Бардыгыбызга белгилүү «диатез» деген сөз оору болуп саналбаганы сизди таӊ калтырышы мүмкүн. Грек тилинен «бир нерсеге жөндөмдүүлүк» катары которулган бул сөз менен, адамдын айрым ооруларга же аллергиялык реакцияларга жакын болгон кайсы бир генотипке таандыктыгы белгиленет.
Балдардын 80-90%ында кездешкен диатез жыштыгы 10% балдарда гана кездешкен атопикалык дерматиттин сөзсүз эле башталышы катары каралбашы керек. Бирок аны абайлаш керек, өзгөчө күчөп кеткен аллергиялык тукум куучулукта кооптуу болуп саналат.
Атопикалык дерматит тобокелдиктин бир нече факторунун аракетинде өөрчүйт: Тукум куучулук Тамакка аллергия Экзогендик жана эндогендик дүүлүктүргүчтөр, алар белгилүү бир шарттарда патологиялык процессти күчөтөт.
Балдардын көпчүлүгүндө оорунун биринчи белгилери тамагын алмаштырганда пайда болот. Көпчүлүк учурларда уйдун сүтү, жумуртка, тооктун эти, балык, малина, кулпунай, цитрус жемиштери, шоколад, томат, сабиз, кызылча, дандар аллергиянын күнөөкөрү болуп калышат. Бирок балдардын көпчүлүгүндө тамактан чыныгы аллергия убакыт өткөн сайын жоголуп кетиши мүмкүн, айрымдарында атопия регрессиялана баштайт да, аллергендерге сезимталдыктын спектри кеӊейет.
Атопикалык дерматит кантип пайда болот? Белгилери бала бир жашка чыкканча эле пайда болушу мүмкүн. Ачык эритеманын жана мокнутриянын очогу жаактарда, чекесинде, кулак артында жана балтырдын ички бетинде пайда болушу мүмкүн. Эки жашынан баштап жыныстык жетилгенине чейин булар чыканактарында жана тизелердин бүктөмдөрүндө, моюндун артында локалдашып, катуу кычышуу менен коштолот.
Атопикалык дерматит эмнеси менен коркунучтуу? Атопикалык дерматиттин өөрчүү процесси «атопикалык марш» деп аталат: эгер биринчи белгилери эрте жашында пайда болуп, өзүн жигердүү көрсөтсө, анда баланын ата-энелери буга жөн эле керектүү маани бербей коюушу мүмкүн. Оору акырындап алга жыла берет да 2-3 жашында балада аллергиялык мурду бүтүү менен коштолгон, респиратордук аллергия пайда болот. Энелерге кеӊеш.
Имараттын ичи желдетилген болушу керек. От өтө ысык жагылбасын - кургак жана ысык аба ашыкча тер чыгарат, ал эми терде камтылган туз теринин жабыркаган бөлүктөрүнө терс таасирин тийгизет да, ачыштырып, кычыштырат. Сууну чыпкалаӊыздар. Суу түтүгүндөгү хлор суу аллергетик баланы киринтүүгө жарабайт, ошондуктан альтернативдик ыкма табуу керек. Пахтадан кийим кийинтүү керек. Жүндөн жана одоно кездемелерден алыс болуу зарыл. Жерге түктүү килемдер сунушталбайт. Негизинен, мүмкүнчүлүккө карай чаӊ топтогон буюмдардын бардыгын үйдөн чыгаруу керек. Жана канаттардан жана түктөрдөн шейшептерди, төшөктөрдү колдонбоӊуз, синтетика гана шейшептер болсун. Дарылоо.
Атопикалык дерматит – өнөкөт оору, ал узак убакытка жана комплекстүү дарылоону талап кылат. Аллергендердин түшүшүн түшүнүү жана чектөө керек. Ичеги карындын оорусун таап, сөзсүз дарылоо керек. Тамак ашка диетаны сактап, тамак аш күндөлүгүн сөзсү жүргүзүӊүз. Дерматит күчөп кеткенде врачтын жазганы менен заманбап антигистаминдик каражаттарды пайдалануу керек, алар кычышууну жана теринин дагы башка сезгентүүчү реакцияларын тез жок кылат. Базистик терапия атайын кремдерди, маздарды пайдаланууну камтып турат.
Элдик ыкма менен дарылоо. Балаӊыздын терисинде исиркектерди же кызарууларды байкасаӊыз, сөзсүз түрдө врачка кайрылыӊыз. Бул учурда эдик ыкма менен дарылоо так диагноз коё албайт, себеби аллергиялык реакция ар бир өзүнчө генотипте түрдүү интенсивдүүлүк менен чыгып, түрдүү себептерге ээ болот. «Элдик рецептилерди», чөптөн тунмаларды жана өсүмдүктөрдөн компресстерди пайдалануу аллергиялык белгилердин күчөшүнө алып келиши мүмкүн, себеби «кайчылаш аллергия» деген бар. Мисалы, эрменди, күн караманы, амброзияны көтөрө албаган учурда ромашкага, календулага, ит уйгакка, мать-мачехага, оманга аллергиясы болушу мүмкүн.