Баланы кантип туура мактоо керек?
Ар бир балага мактоо аба суудай керек. Ал өзүнө ыраазы болушу үчүн, мындай сөздөрдү ал көбүрөөк угушу маанилүү. Ата-эненин сөзү жаӊырык сымал, «ички үн» болуп саналат, жана аны бала өмүр бою эсинде сактап жүрөт. Силерден алган өзүнө ишенүүнү жана мактоону ал башка эч жерден ала албайт. Өзүлөрүнүн кул-мүнөзү менен ата-энелер баланын өзүн-өзү туура баалоосунун кышын коёт. Бул абдан маанилүү, муну биз өз тажрыйбабыздан да билебиз: негизинен турмушта башкалардан мактоону да, жактырууну да ала албайбыз.
Буларды туура жасоону үйрөнүү маанилүү. Туура эмес мактоо:- Ким мактап жатканына шектенүүсүн жаратат.
- Дароо баш тартканга алып келет.
- Баланы өзүнүн кемчиликтеринде кармалууга мажбурлайт.
- Балага тынчсыздануу жаратат же баланын жигердүүлүгүнө тоскоол болот.
- Манипуляция катары кабыл алат.
- Баланын аракеттерине жана жасагандарына көӊүлүӊүздү коюӊуз.
- Бала жасаган нерселердин ичинен сиздин оюӊузча эӊ мыктысын тандап алыӊыз.
- Сүрөттөп мактоо ыкмасын колдонуӊуз. Сүрөттөп мактоо деген эмне? Улуу адам көргөнүн жана сезгенин сый урмат менен сүрөттөп берген жагдай. Сүрөттөлгөн нерсени угуп, бала өзү-өзүн мактоого жөндөмдүү болот.
- «Сен жакшы иштедиӊ», «мына көк беттик деген ушу», «өзүӊө сыймыктансаӊ болот» деп жыйынтык чыгарыӊыз.
- Өтө чоӊ мактоодон алыс болуӊуз, бул ага зыян келтириши мүмкүн.
- Мурдагы алсыздыгына же кемчилигине ишарат кылган мактоодон алыс болуӊуз.
- Сиздин энтузиазмыӊыз баланын бир нерсеге өз алдынча жетүү каалоосуна дал келерине ынаныӊыз.
- Эгер сиз баштапкы реакцияӊызга эрк берсеӊиз, анда аны тереӊирээк байкоолор менен толуктаганга үйрөнүшүӊүз керек.
- Ушундай болмок деп мактагыӊыз келсе, өзүӊүздүн сезимиӊиз тууралуу айтууга болот: мисалы, «Сени менен бүгүн түштөнгөнүбүз мага аябай жакты».
- «Сенин колуӊан баары келерин мен билгем» деген сөздөн алыс болуӊуз. Сиз билген эмессиз жана биле да алмак эмессиз. Ал эми бала болсо анын аракетин көӊүлгө албаганыӊызды сезип калышы мүкмүн.
- Балдардын каталарын кабыл алыӊыз жана аны үйрөнүүнүн бир бөлүгү катары кабыл алыӊыз. Жинденбеӊиз жана ачууланбаӊыз.
- Мактап жатканда да, сындап жатканда да балаӊызды кимдир бирөө менен салыштырбаӊыз.
- Өзүӊүздүн атыӊыздан мактоодо «мен» сөзүн колдонуӊуз: «Мен сени менен сыймыктанам!», «Мен аябай кубанып турам!». Баланы туура мактоодо бала: «Мен бир нерсени жакшы жасарымды ата-энем көрүп турат» деген ыраазычылыгын жаратат. Ал эми Мен деген сөз менен мактоодо: «Менин жасагандарым ата-энеме абдан маанилүү. Менин кулк-мүнөзүм аларга жакшы маанай тартуулайт. Биз бир бүтүндүкпүз» дегенин көрсөтөт. Мындай мактоо аларды жакындатат.