Баланын көзүнүн кызарышы: себептери жана эмне кылуу керек Баланын көзүнүн кызарышы: себептери жана эмне кылуу керек
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланын көзүнүн кызарышы: себептери жана эмне кылуу керек

Баланын көзүнүн кызарышы ар дайым кооптондурат. Балким бул коркунучтуу нерсе? Ошентип, сиз барузерден “баланын көзүнүн кызарышы фото” деп издеп, коркунучтуу сүрөттөрдү көрөсүз... Сиздин ушундай камкор ата-эне болгонуңуз эң жакшы! Бирок көбүнчө кызаруунун себеби анчалык кооптуу эмес. Келгиле, эмне үчүн көз кызаршы мүмкүн экенин, конъюнктивиттин үч түрүн бири-биринен кантип айырмалоо керектигин жана качан дарыгерге кайрылууга болорун карап көрөлү.

Эмне үчүн баланын көзү кызарып калды?

Баланын көзүнүн кызаруу механизмин айтып берели. Ошентип, көз чанагында капиллярлар – кичинекей кан тамырлардын бүтүндөй тармагы жайгашкан. Ар кандай себептердин таасири астында алар кеңейип, өзгөчө учурларда жарылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан кызаруу пайда болот. Кээде кызаруу менен гана чектелет. Бирок кызаруу кычышуу, көз кабагын тырмоо, шишик жана башка симптомдор менен коштолот. Бул абалды пайда кылган көптөгөн себептер бар. Аларды үч негизги топко бөлүүгө болот:
  1. Көзгө байланыштуу оорулар/патологиялык процесстер. Алардын арасында конъюнктивит биринчи орунду ээлейт. Бул тууралуу кийинки бөлүмдө кененирээк токтолобуз. Көз ооруларынын бул тобуна, мисалы, дакриоцистит – көздүн жашы топтолгон каптын сезгениши кирет. Жаңы төрөлгөн ымыркайларда бул көбүнчө физиологиялык себептерден, ал эми улуураак балдарда инфекциядан улам дакриоцистит пайда болот. Төмөнкүдөй оорулар да кездешет:
    • демодикоз (кене пайда кылат, ал көздүн кабактарынын терисин гана эмес, кулакка, жаакка жана башкаларга да таасир этиши мүмкүн);
    • птеригиум (көз челинде фиброздук ткандын өсүшү);
    • кератит (жарыктан коркуу жана оору менен коштолгон көз челинин бузулушу);
    • увеит (кан тамыр челинин жабыркашы, негизинен оор соматикалык оорулар – диабет, боор жана бөйрөк оорулары менен шартталган);
    • склерит (көздүн ак кабагынын жабыркашы, ал көбүнчө башка ооруларды – гайморит, отит, диабет, канчоо ооруларын коштойт);
    • горнодеолум (май безинин сезгениши, эл арасында “тирсек” деп аталат);
    • блефарит (көз кабагынын сезгениши, көбүнчө мите курттар же гигиеналык эрежелердин сакталбагандыгынан улам келип чыгат).
  2. Башка органдардын жана системалардын оорулары. Аларга төмөндөгүлөр кирет: аллергия жана гипертония. Кант диабети жана аутоиммундук оорулар да көздүн кызаруусу түрүндө байкалышы мүмкүн, бирок аларда ар дайым ачык байкалган башка белгилери бар. Көбүнчө сасык тумоо, кызамык, кызылча же кандайдыр бир суук тийүү ооруларында көз кызарып кетет. Бул дем алуу органдары көрүү органдары менен физиологиялык жактан байланыштуу экендиги менен түшүндүрүлөт. Демек, мурун бүтүү же мурундун былжыр челинин башка сезгениши пайда болсо, бул көздүн кызарышына алып келет.
  3. Тышкы факторлор. Тышкы факторлор өтө көп. Бул чылым тартылган/чаң бөлмө, өтө катуу шамал же өтө ачык жарык болушу мүмкүн. Ашыкча кургак аба, бассейндеги ашыкча хлорлонгон суусу дагы ачык-айкын факторлор болуп саналат. Эгерде көзүңүзгө кум же башка бөтөн нерселер кирип кетсе, албетте, бул заматта организмдин реакциясын, жаштын агышын жана кычышуусун пайда кылат. Чоңдордун да, балдардын да көздөрү компьютердин/телефондун/планшеттин экранын көпкө кароодон, ошондой эле көздүн химиялык заттар көзгө тийгенде (кир жуугуч порошок, идиш жуугуч каражат, же кир самын) кызарып кетиши мүмкүн.

Конъюнктивит

Конъюнктивитке токтололу. Көпчүлүк учурларда балдардын көзүнүн кызарышы дал ушул оору менен байланыштуу. Конъюнктивит – толук диагноз эмес, анын жарымы гана экенин түшүнүү маанилүү. Бул оору абалын вирустар, бактериялар же аллергиялык реакция пайда кылышы мүмкүн. Бардык үч учурда тең дарылоо ыкмасы жана конкреттүү симптомдор айырмаланат. Негизинен конъюнктивит анын себептери кандай болбосун коркунучтуу эмес. Көпчүлүк адамдар бала кезинде бир эмес, бир нече жолу бул ооруга кабылат. Конъюнктивиттин үч түрүн карап көрөлү:
  • вирустук. Буга аденовирус себеп болушу мүмкүн. Айыгууну тездетүүнүн мааниси жок, организм өзү бир жумадан кийин иммунитетти иштеп чыгат. Ымыркайдын абалын жеңилдетүү үчүн көзүн туз эритмеси менен, эң жакшысы фармацевтикалык эритмеси менен жуусаңыз болот, анткени анын курамында заттар “үйдө жасалган” эритмеден айырмаланып тең салмактанган. Вирустук конъюнктивит жугуштуу, ошондуктан бала бакчага барса, эч кимге жуктурбоо үчүн оорунун симптомдору жоголгондон 2 күндөн кийин бакчага барганы туура;
  • бактериялык. Бул жергиликтүү (тамчылар, маздар) же ичилүүчү антибиотиктер менен дарыланат. Антибиотиктерди дарыгер гана дайындайт!
  • аллергиялык. Конъюнктивиттин бул түрүнөн арылуу үчүн аллергиянын себебин издөө керек. Себеби аныкталгандан кийин аны жок кылуу зарыл. Эгерде аллергиянын себеби аны жок кылуу мүмкүн болбогон нерсе болсо – гормондук же гормондук эмес дары-дармектер дайындалат. Алар адис тарабынан гана тандалат.
Бир түрүн башкасынан кантип айырмалоого болот? Маанилүү эскертүү: так жоопту дарыгер гана бере алат. Бирок ата-энелер дагы багыт алуу үчүн негизги айырмачылыктарды билгени маанилүү. Төмөндө айырмалоого мүмкүн болгон бир нече пункттар берилген:
  • аллергияда эки көз тең жашылданат/кызарат. Ал эми вирустук/бактериялык конъюнктивит бир көзгө гана тарашы мүмкүн. Инфекция бир гана көзгө таасир этсе да, дарылоо үчүн тамчылатма дары дайындалса – эки көзгө тең тамызуу, муну менен катар пипетканын көз чанагына тийгизбөө маанилүү экенин эске алыңыз. Бул баланын ооруну бир көзүнөн экинчи көзүнө жуктурбашы үчүн жасалат. Анткени балдар көздөрүн көп ушалашат – алгач ооруган көзүн, андан кийин соо көзүн;
  • оору жана “чылпактоо” (кирпиктердин ириңдүү жабышып калышы) көбүнчө бактериялык конъюктивитте кездешет;
  • ачышуу жана “көздүн өкөлүшү” вирустук инфекциядан кабар берет;
  • кычышуу– аллергиялык конъюнктивиттин касиети.
Мындан тышкары, баланы курчаган чөйрөнү талдоо дагы жардам берет. Мисалы, кызаруу мышык менен байланыштан кийин пайда болсо, бул аллергия болушу мүмкүн. Эгерде конъюнктивит бала бакчанын тайпасындагы бардык балдарда аныкталса, анда бул вирус жукканын билдирет.

Ата-энелер үчүн нускама: баланын көзү кызарып кетсе эмне кылуу керек?

Кызарганын байкасаңыз, төмөндөгүдөй иш-аракет кылыңыз:
  1. Баланын көзүн жууңуз.
  2. Кызаруунун ачык-айкын себептери бар-жогун текшериңиз:
    • тышкы факторлорду жокко чыгаруу: бөтөн телолордун кирип кетиши/хлорлонгон суу/катуу шамал ж.б;
    • балада суук тийүү оорусунун белгилери барбы?
  3. Эгерде тышкы факторлорду жок кылуу жардам бербесе жана кызаруунун себептери медициналык кийлигишүүнү талап кылса - дарыгерге кайрылыңыз.

Дарыгерге качан кайрылуу керек?

Эгерде балаңыздын көзү сейрек кызарса, жакшы уктагандан кийин кетип калса, тынчсыздануунун кереги жок. Бирок кооптуу белгилер дагы бар. Аларды байкасаңыз, дароо дарыгерге - офтальмологго же педиатрга (айрыкча инфекциядан шектенсеңиз) кайрылыңыз. Төмөндөгү кооптуу белгилер:
  • көз ачык байкалган с ебеби жок туруктуу түрдө кызарат;
  • бала 1 жашка чыга элек;
  • 2 күн же андан көп убакыт жакшырбайт;
  • жарыктан коркуу пайда болду;
  • баланын көзү катуу ооруйт;
  • көрүү начарлайт;
  • үстүңкү көз кабагынын терисинде ыйлаакча/көбүкчө байкалышы мүмкүн;
  • көз жаракат алса.
Мындай белгилер кооптуу абалды билдириши мүмкүн, ошондуктан адиске кайрылууну кечиктирбеңиз. Атайын приборлорду (мисалы, жылчык чырагы) колдонуу менен дарыгер көздү текшерип, көздүн басымын өлчөйт. Балким кан анализин жана/же кырынды тапшырууну өтүнөт. Дарыгердин ишин жеңилдетүү үчүн кабыл алуудан мурун анамнезди чогултуу пайдалуу: ооруган абалга чейин болгон курчаган чөйрөнүн бардык “шектүү” факторлорун эстеңиз.

Алдын алуу

Баланы көздүн кызаруусунан толук коргоо мүмкүн эмес. Бирок тобокелдиктерди азайтууга болот. Мындай чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • колду кылдат жана үзгүлтүксүз жуу;
  • тез-тез нымдуу тазалоо;
  • эгерде бала бассейнге барса сууга түшүү үчүн көз айнекти колдонуу маанилүү;
  • күндө жүргөндө күндөн коргоочу көз айнек тагынуу;
  • баланын телефондун экранын көпкө карашына жол бербеңиз;
  • тиричилик химиялык заттарды кичинекей бала жетпеген жерлерге коюу.

Тыянактар

Ошентип, баланын көзүндө кызыл капиллярлар бар. Балким көз кабагы дагы шишип калды. Бул көз ооруларынын, башка органдардын жана системалардын ооруларынын белгиси же тышкы факторлордун таасиринин натыйжасы болушу мүмкүн. Көбүнчө бул суук тийүү же конъюнктивит болот. Конъюнктивит вирустук, бактериялык жана аллергиялык болушу мүмкүн. Көбүнчө алар өз алдынча өтүп кетет, бирок кээде клиникага кайрылууну талап кылат. Баланын көзү кызарып кетсе эмне кылуу керек? Көзгө бир нерсе кирип кетпегенин жана бул абалга алып келген кандайдыр бир тышкы себептери жоктугун текшериңиз. Андан кийин дарыгерди чакырууну талап кооптуу белгилердин тизмесин карап көрүңүз. Анан, албетте, балаңыздын көзүн жакшылап жууганга жардам бериңиз.

EmptyView